Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

Ички дүң өнүмдүн көлөмү алты айда былтыркыга караганда 1,7% төмөндөдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын экономикалык-социалдык абалы тууралуу соңку көрсөткүчтөрдү жарыялады. Ага ылайык, ушул жылдын алты айында ички дүң өнүмдүн (ИДӨ)көлөмү 271 миллиарддай сом болду. Бул былтыркы ушул маалга салыштырмалуу 1,7 % төмөн.

Кумтөр кенин эске албаганда, ушул жылдын январь-июнь айларында ИДӨнүн көлөмү 242 миллиард сомду түзүп, 2020-жылга караганда 3,7 % жогорулады. Өнөр жай өнүмдөрүнүн көлөмү жыл башынан бери 154 миллиард сом болуп, 10,6% азайды. Курулуш тармагындагы төмөндөө 14,2% түздү. Айыл чарбасында болсо 1,3%, дүң жана чекен соода жүгүртүү 11% өсүү байкалды.

Алты айда өлкөдө керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы 7,3% болду.

Өсүмдүк майы 22,8, кумшекер 22,5%, мөмө-жемиш 18,8%, гречка 18,4%, кой эти 17,8%, уй эти 5,9%, балык 7,7%, жогорулады.

Ушул жылдын биринчи жарымында сырткы жана ички сооданын көлөмү 2,8 миллиард доллар болду. Бул былтыркы ушул маалдагы көрсөткүчкө караганда 27,7 пайызга жогору. Экспорт 4,4, ал эми импорт 40,5% жогорулады.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөр менен өз ара соода 1,3 милилард доллар болду жана 2020-жылга караганда 34,8% жогорулады.

ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

Мамлекекеттик салык кызматы 1-июлдан 31-августка чейин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон кумшекерге, ал эми 1-июлдан тартып 31-декабрга чейин жылкыларга, бодо малга, кой-эчкиге, чочкого жана үй канаттууларына кошумча нарк салыгы алынбай турганын билдирген. Мекеме мындай чечим азык-түлүктүн баасын турукташтыруу жана чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынганын маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG