Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Данияр Нарымбаев тергөө абагынан жеке ооруканага которулду


Данияр Нарымбаев.
Данияр Нарымбаев.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагынан Бишкектеги "Бикард" жеке клиникасына которулду. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыкты. Ага ылайык, Нарымбаевдин саламаттыгы начарлап кеткен жана сот аны ооруканага которуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган.

Азырынча анын жактоочулары жана жакындары расмий комментарий бере элек.

Өткөн айдын аягында Нарымбаевди шаардык сот 31-июлга чейин абакта калтыруу жөнүндөгү райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. УКМК Нарымбаевге “Кумтөр ишине” байланыштуу “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.

Кумтөргө байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баштаган бир катар азыркы жана мурдагы аткаминерлер айып коюлуп, айрымдары камалды.

Алардын арасында, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков, президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бар. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Кийинчерээк Узакбаев, Баатырбеков жана Сарпашев үй камагына чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG