Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Курманкул Зулушев: Кылмыш-жаза кодексине жаңы 47 берене киргизилет


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети 13-июлда кодекстерге алымча-кошумча киргизүү тууралуу парламенттик угуу өткөрдү. Анда башкы прокурор Курманкул Зулушев эксперттик топ колдонуудагы кодекстерди талдап, өзгөртүү киргизүү сунушун бергенин билдирди.

"Кылмыш-жаза кодексинин жаңы долбоорунда 47 берене жаңы иштелип чыгып, 34 берене толугу менен алынып салынды. Ал эми 362-беренеге толуктоо, өзгөртүү киргизилди. Кыскасы, жаңы иштелип чыккан Кылмыш-жаза кодекси 416 беренеден турат. Мындан сырткары, Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндөгү кодекс даярдалды, бирок анын аталышына байланыштуу толук чечимге келе элекпиз. Ушул кодекске Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 85% кирди”,-деди Зулушев.

Кодекстерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору майда коомдук талкууга коюлган. Документтерди президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ иштеп чыккан.

2020-жылы октябрь окуясынан кийин келген бийлик 2019-жылы кабыл алынган беш кодексти өзгөртүүгө киришкен. Ага ылайык, Жоруктар кодекси таптакыр жоюлат.

Айрым юристтер, укук коргоочулар жаңы кодекстерде жазаларды гумандаштыруу азайганын сындап, мурдагы катаал калыбына кайтарын эскертишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG