Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Өзбекстанда сегиз кишини сел агызып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Касансай районунда сегиз кишини сел агызып кетти. Алар курман болгонун, дагы алты адам жараат алганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Расмий маалыматта айтылгандай, топон суу Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы районунан Касансай дарыясы аркылуу агып кирген.

Бир күн мурда Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында катуу сел болуп, сегиз кишини агызып кеткен. Алты кишинин сөөгү табылган, эки адам изделүүдө.

Кыргызстан менен Өзбекстанда сел жүргөн аймактар бири бирине чектеш жайгашкан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG