Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:51

УКМКнын акча кымырып алды делген тергөөчүсү тил кат менен бошотулду


УКМК.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө маалында 200 миң долларды кымырып алган деп шек саналган бөлүм башчысы эч кайда чыкпоо шарты менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашты. Ага ылайык, атайын кызматка эки кытай жараны бири-бирине арызданып кайрылган. Тергөөнүн жүрүшүндө бир кытай жараны экинчисин 200 миң долларга алдап кеткени аныкталган. Ал күнөөсүн мойнуна алган жана бул акчаны УКМКнын тергөөчүсү кайтарып берерин айтып, тил кат дагы жазып берген. Бирок иш сотко жеткенде акча ээсине берилбегени ачыкка чыккан.

Кылмышка шектүү, С.Э. аттуу УКМКнын Тергөө башкармалыгынын төртүнчү бөлүмүнүн башчысы соттун чечими менен 28-августка чейин камакка алынган, көп өтпөй бөгөт чарасы өзгөрүп, эч кайда чыкпоо шарты менен бошотулган.

Соттун маалыматына ылайык, УКМКнын кызматкери 100 миң долларды кайтарып берген.

Атайын кызмат буга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG