Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Азия өнүктүрүү банкы жер көчкүнүн алдын алууга 35 млн доллар берет


Кыргызстанда 20 миңдей адам жер көчкү коркунучу жогору аймактарда жашайт.
Кыргызстанда 20 миңдей адам жер көчкү коркунучу жогору аймактарда жашайт.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстанга жер көчкүнү өнүккөн технологияларды жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды колдонуу менен азайтууга 35 миллион доллар берет. Расмий маалыматка ылайык, анын 23,5 миллиону грант, ал эми 11,5 миллион доллары насыя болот.

“Долбоор жер көчкүнүн кесепеттерин азайтуу, мониторинг тутумун өркүндөтүү жана жер көчкү тобокелдиктерин башкарууну күчөтүүгө багытталган. Бул Азия өнүктүрүү банкынын кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана жер көчкүнүн алдын алуу тууралуу биринчи комплекстүү долбоору”, деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда, айрыкча Жалал-Абад менен Ош облустарында 20 миңдей адам жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт. Буга чейин өлкөдө адам өлүмү менен аяктаган бир катар кырсыктар катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG