Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:00

Машыгуу учурунда сабалган баланын тренери иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук федерациясы Ысык-Көлдө машыгуу маалында сабалган баланын окуясынан улам анын тренери Айганыш Аманованы иштен четтетти. Бирикме “Фейсбуктагы” баракчасына бул машыгуу уруксаты жок өткөрүлгөнүн, ички териштирүү уланып жатканын жана күнөөлүүлөр жазасыз калбай турганын жазды. Ошондой эле федерация сабалган бала менен анын үй-бүлөсүнө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Бул окуянын териштирилишин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов көзөмөлүнө алган.

Ысык-Көлгө дзюдодон спорттук машыгууга барган тогуз жашар баланын сабалганы өткөн аптада белгилүү болгон. Соттук-медициналык экспертизада анын саламаттыгына жеңил зыян келтирилгени аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG