Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Германия менен Бельгиядагы суу ташкынында ондогон адам өлдү


Германиянын батыш тарабында жана Бельгияда 15-июлдагы суу ташкынында ондогон адам көз жумду. Полиция табият кырсыгынын курмандыктарынын так санын айтуу мүмкүн эместигин билдиргенин BBC кабарлады. Соңку эсепке ылайык, Германияда 43 адам өлүп, ондогон кишилер дайынсыз жоголду. Бельгияда бери дегенде алты адам каза болду.

Соңку суткада нормадан ашык жаан-чачындын айынан дарыялардан ташкындаган суу автоунааларды агызып, турак-жайларды кыйратты.

Суунун деңгээли Франция, Швейцария жана Нидерланддардын айрым аймактарында да көтөрүлүп жатканы кабарланды.

АКШда иш сапарда жүргөн немис канцлери Ангела Меркел табият кырсыгын апаат деп атады.

XS
SM
MD
LG