Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:43

Кубада коммунисттик режимге каршы чыккан миңдеген адам камалды


Кубада коммунисттик режимге каршы чыккандардын арасынан бери дегенде 5000 адам камакка алынды. Алардын 120сы активисттер жана журналисттер экенин эл аралык маалымат каражаттары жазышты.

Кубада жапырт камоолор 11-июлда башталган. Reuters агенттиги ал күнү баш калаа Гаванада жана башка шаарларда миңдеген жарандар наарызылык акциясына чыкканын кабарлаган.

Демонстрацияга чыккандар элди коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылууну, электр энергиясын өчүрүүнү токтотууну, азык-түлүк жана дары-дармек жетишсиздигин жоюуну талап кылууда.

13-июлда АКШ президенти Жо Байден Куба өкмөтү элдин талабына көңүл бурууга чакырган.

1991-жылы СССР тарагандан кийин дүйнөдө беш мамлекетте коммунисттик түзүлүш сакталып калган. Алар: Кытай, Куба, Лаос, Ветнам жана Түндүк Корея.

XS
SM
MD
LG