Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Кыргызстан кытай вакцинасын чыгарууну караштырып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 15-июлда Бишкекте "Тынчтык үчүн саясат" Бээжин маданий алмашуу борборунун жетекчиси Шао Чаньчунь менен жолукту. Өкмөттүн басмы сөз кызматы анда тараптар Кыргызстанда коронавируска каршы кытай вакцинасын чыгарган завод куруу жана чөп-чардан жасалган кытай дары-дармегин колдонууну талкуулашты.

Бакашова "кытай бийлигине коронавирус пандемиясы маалында көрсөткөн жардамына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ишкерлерге шарт түзүү, чет элдик инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо Министрлер Кабинетинин негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи", деп айтылат маалыматта.

Быйыл май айында Сочиде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Орусиянын президенти Владимир Путин "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанда да өндүрүү мүмкүнчүлүгү караштырылып жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG