Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Ооган жана "Талибандын" күчтөрү Спин-Болдак бекети үчүн салгылашууда


Ооган-Пакистан чек арасы
Ооган-Пакистан чек арасы

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү Пакистан менен чек арадагы Спин-Болдак бекети үчүн “Талибандын” согушкерлери менен салгылашууда. Бул бекетти согушкерлер эки күн мурун ээлеп алганы кабарланган.

Спин-Болдак бекети талибдер үчүн стратегиялык мааниге ээ. Дал ушул жай аркылуу Пакистандагы Белужистан аймагына түз каттоого жол ачылат. Аталган аймакта Пакистандагы “Талибан” кыймылынын күчтөрү жайгашкан.

Аймактагы тургундардын айтымында, бекет 14-июлда талибдердин колуна өткөн. Анын алдында шаарчадагы базарда айыгышкан кармаш болгон.

"Франс-пресс" агенттигинин аймактагы кабарчылары бул салгылаштан жараат алган ондогон согушкерлер учурда коңшу Пакистандагы ооруканаларда дарыланып жатканын билдирди.

Ал эми Reuters агенттиги 16-июлда Спин-Болдакта иштеп жүргөн тажрыйбалуу фотокорреспондент Даниш Сиддики өлтүрүлгөнүн ырастады.

Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех Пакистандын аскерлери талибдерге абадан жардам көрсөтүп жатканын айтып, коңшу өлкөнү айыптады. Анын "Твиттерге" жазышынча, Пакистан ооган күчтөрүнө талибдерге каршы абадан сокку урбай турганын эскерткен.

Расмий Исламабад болсо мындай айыптоону четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG