Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:05

Москва: кыргыз жарандарын бычактаган делген эки адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Москва облусундагы Химки шаарында төрт кыргыз жараны бычакталган фактыга байланыштуу эки адам кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Ага ылайык, аталган шаардагы "Блок пост" бильярд клубунда 9-июлда түндө чыр чыгып, төрт кыргыз жаранын белгисиз адамдар бычактап кеткен.

Химкидеги полиция Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Курал же курал катары колдонулган буюмдарды колдонуу менен жасалган ээнбаштык) негизинде кылмыш ишин козгогон. Кармалган эки адам күнөөсүн мойнуна алган.

Москвада 11-июлда “Кузьминки” метросунун жанында ондогон мигрант калайман мушташка катышкан. Полиция 103 адамды кармаган жана алардын 72 кыргыз жарандары болгон.

Калайман мушташка байланыштуу “бейбаштык” беренеси менен иш козголгон жана 16-июлда Кыргызстандын 71 жараны соттун чечими 15 суткага камалды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяга бильярд клубда бычак жеген төрт кыргыз жаранынын сүрөттөрү социалдык тармактарга тарап кеткенден кийин орун алганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG