Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


19-июлда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, жаан жаайт. Жалал-Абад жана Талас облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот.

Ош жана Баткен облустарында жамгыр мол жаайт.

Батыштан соккоy шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл, Нарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26 градус ысыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус ысык болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG