Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Ооган өкмөтүнүн жана талибдердин өкүлдөрү Дохада сүйлөшүү өткөрүштү


Дохадагы сүйлөшүү.
Дохадагы сүйлөшүү.

Ооганстан өкмөтүнүн жана "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Катардын Доха шаарында тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрдү. Тараптар "маселени тынч жол менен чечүүгө үмүт ойгонгону" тууралуу баяндама жасашты.

17-июлдагы жолугушууга өкмөт делегациясынан Улуттук жарашуу жогорку кеңешинин башчысы Абдулла Абдулла жана талибдердин лидери Абдулгани Барадар төрагалык кылышты.

Анын алдында Абдулла Ооганстандагы урушту токтотуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр колдонуларын белгилеп, "Ооганстандын көйгөйүн согуш жолу менен чечүүнүн келечеги жок" деди.

Барадар болсо мурдагы сүйлөшүүлөрдө айрым маселелер жаралганын жана оң натыйжа болбогонун билдирди. "Бирок биз үмүтсүздүккө түшпөй, сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жыйынтыктоого аракет кылабыз"- деди ал.

АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү май айынын башында Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин талибдер чабуулдарды күчөтүп, өлкөнүн бир катар аймагын ээлеп алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG