Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Рим папасы кубалыктарды тынчтыкка чакырды


Рим папасы - Франциск диний ишенимдеги кишилерге апталык кайрылуусунда Куба өлкөсүнүн жарандарын тынчтыкка чакырып, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.

Бул Рим папасынын 11 күн ооруканада дарыланып чыккандан кийинки алгачкы кайрылуусу болду.

Ушул күндөрү Кубанын бир катар шаарларында өтүп жаткан нааразылык акцияларында миңдеген адамдар камалып, 12 киши гана бошотулду.

Кубада коммунисттик режимге каршы чыккандардын акциялары 11-июлда башталган. Демонстранттар элди коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылууну, электр энергиясын өчүрүүнү токтотууну, азык-түлүк жана дары-дармек жетишсиздигин жоюуну талап кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG