Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

УКМК: Нарында мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды


Криптовалюта өндүргөн майнинг-ферма. Иллюстрациялык сүрөт.
Криптовалюта өндүргөн майнинг-ферма. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети Нарын шаарында "электр тармагына ири зыян келтирген" майнинг-ферма аныкталганын билдирди. Ага ылайык, Б.Т.Б. аттуу жаран криптовплюта өндүргөн 118 даана жабдууну үйүнө орнотуп, аларды жаап-жашырууга, тымызын колдонууга аракет кылган.

Атайын кызмат буга чейин Бишкек, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарында майнинг-фермалар табылганын билдирген. Мындай фактыларга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталып, жүздөгөн жабдуу алынган.

Электрондук валюта өндүргөн компаниялар майнинг-ферма деп аталат. Алар көптөгөн компьютерлердин жана серверлердин жардамы менен татаал техникалык тапшырмаларды чечүү аркылуу жаңы криптовалюта өндүрөт. Бул үчүн алар электр энергиясын өтө көп колдонот жана токту күнү-түнү, жыл бою үзгүлтүксүз алып турушу керек.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.

Электрондук акча өндүргөн компанияларга өлкөдө тыюу салынган эмес, бирок электрдин аздыгынан аларга ток берилбей келет. Натыйжада алардын көбү энергияны тымызын колдонууга аргасыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG