Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

Польшада Орусиянын өтүнүчү менен укук коргоочу Евгений Хасоев кармалды


Евгений Хасоев
Евгений Хасоев

Польша бийлиги Орусиянын өтүнүчү менен буряттык укук коргоочу Евгений Хасоевди кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалганы 21-июлда маалым болду.

Полициядан запкы тарткандардын укугун коргоп келген Хасоевди Москвага өткөрүп берүү же бербөө маселесин сот чечет.

Евгений Хасоев "Кыйноосуз Сибирь" укук коргоо уюмунун Бурят бөлүмүнүн башчысы. Ал 8-февралда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогон митингчилердин биринин соту учурунда сот аткаруучу менен жаңжалдашканы учун айыпталган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Хасоев сот аткаруучусун бычак менен коркуткан. Укук коргоочу муну четке каккан жана чыр-чатакты сот аткаруучусу баштаганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG