Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

АКШ жана Украинанын президенттери жолугушат


АКШ президенти Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский.
АКШ президенти Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский.

АКШнын президенти Жо Байден 30-августта Ак үйдө Украинанын президенти Владимир Зеленскийди кабыл ала турганы жарыяланды.

Байдендин администрациясынын билдирүүсүндө аталган визит АКШ Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверендүүлүгүн айныксыз колдой турганын көрсөтөт деп белгиленген.

Зеленский «Твиттердеги» баракчасына Байден менен майнаптуу жолугушуу болоруна ниеттенип жатканын жазды.

Анын айтымында, жолугушууда Донбасста тынчтык орнотуу жана Крымды кайтарып алуу маселелери талкууланат.

Мындан мурда Владимир Зеленский АКШ менен Орусиянын президенттеринин Женевада 16-июнда өткөн жолугушуусуна чейин президент Жо Байден менен жолугушуу ниети бар экенин айткан болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG