Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:35

ЖК прокуратура тууралуу мыйзам долбоорун добуш берүүгө жөнөттү


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 22-июлда прокуратура жөнүндөгү конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү.

Документ 104 беренеден турат жана жаңы Баш мыйзамга ылайык прокуратуранын ишин уюштурууну, укуктук актыларын, ыйгарым укуктарын, аскер прокуратурасынын ишин жөнгө салуунун тартибин аныктайт.

Азыркы Конституцияга ылайык, өлкөнүн башкы көзөмөл органы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле кылмыш иштерин тергейт, өзүнө тиешелүү маселелерге байланыштуу мыйзам долбоорун демилге кылуу укугу бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG