Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Орусия: оппозициячыл саясатчы Грудинин Мамдумага каттоодон өтпөй калды


Павел Грудинин
Павел Грудинин

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Коммунисттик партиянын тизмеси менен Мамлекеттик Думага ат салышууну көздөгөн саясатчы Павел Грудининди талапкер катары каттоодон баш тарты. 24-июлда БШК Грудининдин чет өлкөлүк активдерге ээлик кылары тууралуу прокуратуранын маалыматына таянып, талапкерлер тизмесинен чыгарылганын жарыялады. 61 жаштагы ишкер 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышып, Владимир Путинден кийинки экинчи орунду ээлеген. Анда ал шайлоочулардын 12% жакынынын добушун алган эле.

Шайлоодон соң Грудининди мамлекеттик маалымат каражаттары бир тараптуу каралап, бизнеси тыкыр текшериле баштаган. Кийинчерээк Москванын четиндеги Видное шаардык кеңешинин депутаттык мандатынын ажыраган.

Москва облусундагы “Ленин атындагы совхоз” ишканасынын директору болгон Павел Грудинин чет өлкөдө мүлкү жок экенин айтууда. Коммунисттик партиянын өкүлдөрү бийликтин партиясы болгон “Бирдиктүү Орусиянын” рейтинги төмөндөп бараткандыктан сентябрдагы шайлоодо башка саясий күчтөр алдыга чыгып кетет деп чыгаан талапкерлер четтетилип жатканын билдирди. Партиянын лидери Геннадий Зюганов Грудининге байланыштуу БШКнын чечиминен үстүнөн сотко кайрыларын убада кылды.

Орусияда оппозициячыл партиянын өкүлдөрү парламенттик шайлоого катышуу укугун ажыраган. Алардын көпчүлүгү камактагы оппозионер Алексей Навальныйды колдогону үчүн ушундай чечим кабыл алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG