Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Индияда суу ташкынында бери дегенде 115 адам курман болду


Индиялык куткаруучулар элди коопсуз жайларга көчүрүүдө
Индиялык куткаруучулар элди коопсуз жайларга көчүрүүдө

Индияда 24-июлдагы суу ташкынында бери дегенде 115 адам каза болду. Расмий маалыматтарга караганда, курмандыктардын саны мындан көбөйүшү мүмкүн. Анткени, алдыдагы күндөрү сел токтобойт деген божомол бар.

Индиянын батыш тарабындагы Махараштр шаарында жүздөгөн адам дайынсыз экени кабарланды. Жаратылыш кырсыгынан улам бул калаада 150 миң киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Гоа штатында да суу ташкыны болду.

Акыркы кездери Европа жана Азия чөлкөмүндөгү суу ташкындары да бир канча кишинин өмүрүн жалмады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG