Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Сирияда эки түрк аскери набыт болду


Алепподогу кыйраган имараттар. 2020-жыл.
Алепподогу кыйраган имараттар. 2020-жыл.

Түркиянын коргоо министрлиги Сирияда эки аскери бронетранспортёр (БТР) чабуулунда мүрт кеткенин билдирди. Дагы эки жоокер жараат алды. Окуя Алеппо провинциясында түрк аскерлери көзөмөл кылып турган аймакта болгону 25-июлда кабарланды.

Түркия кол салууну "террорчулар" ишке ашырганын маалымдады, бирок кайсы куралдуу топ экени тууралуу так айтылган жок. Түрк аскерлери жооп иретинде сокку урганы расмий айтылды.

Түркия Сириянын аймагында аскердик операцияларды 2016-жылы баштаган. Максаты - ислам экстремисттеринин аскерлерин Түркия менен чектеш аймактан сүрүп чыгаруу экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG