Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Байден Орусия Конгресстин шайлоосуна кийлигишүүсү мүмкүн экенин айтты


АКШнын президенти Жо Байден.
АКШнын президенти Жо Байден.

АКШнын президенти Жо Байден Орусия маалыматтарды бурмалоо аркылуу 2022-жылы өтө турган америкалык Конгресске шайлоого кийлигишүүгө аракет кыларын билдирди. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазып чыкты.

Байден Американын чалгын кызматтарынын алдында сүйлөп жатып, “Орусия мындай аракеттери менен биздин эгемендикке шек келтирет” деди. АКШ президенти мындай билдирүүнү ага шейшемби күнү берилген атайын кызматтын маалыматына таянып жасады.

Байден Женевада Путин менен жолугушуусун эске салып, анда Орусиянын экономикасынын чабалдыгына байланыштуу олуттуу көйгөй бар экенин айтты. АКШ президентинин айтымында, Орусиянын экономикасы өзөктүк курал менен мунай ресурстарына гана байланган. Москвада андан башка эч нерсе жок.

Жо Байден ошондой эле, ири держава менен согуш боло турган болсо, ал ири кесепеттерге алып келчү кибер чабуулдардан башталат деп болжолдоду.

Ал америкалык мамлекеттик мекемелерге карата соңку мезгилде байма-бай жүрүп жаткан кибер чабуулдардын көпчүлүгү Орусия менен Кытайга туура келерин белгиледи.

Ал эми Кремл башка өлкөлөрдөгү шайлоолорго кийлигишүү жана кибер чабуулдарды уюштуруу сыяктуу кинелерди четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG