Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

АКШ президенти Байден Тихановская менен жолукту


АКШ президенти Жо Байден беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская.
АКШ президенти Жо Байден беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская.

АКШ президенти Жо Байден беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаяны кабыл алды. Ак үйдөгү жолугушуу тууралуу кеңири маалымат айтыла элек.

Мунун алдында Вашингтон менен Нью-Йорктогу беларус диаспорасы менен жолугушуу маалында Тихановская америка бийлигинен Беларустагы көз карандысыз ЖМКларды колдоого чакырып, Лукашенконун режимине каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө үндөгөн эле.

Светлана Тихановская жолугушуу кандай өткөнү тууралуу маалымат берди:

"Болжол менен 15 мүнөттөй сүйлөштүк. Жолугушуу аябай жылуу маанайда өттү. Мен андан Беларуста азыр болуп жаткан көрүнүштөргө кайдыгер карабаган адамды көрдүм. Мен президент мырзага Беларустагы күрөш геосаясий талаш эмес экенин, зомбулукка жана мыйзамсыздыкка каршы күрөш болуп жатканын айттым. Мен Ак үйдөн АКШ беларустар тарапта деген ишеним менен чыгып баратам", - деди Светлана Тихановская.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская 19-июлда Вашингтондо АКШнын мамлекетти катчысы Энтони Блинкен жана мамлекеттик катчынын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нулланд менен да жолуккан.

Мамлекеттик департамент жолугушууда Беларустагы Лукашенконун режиминин оппозиция жана жарандык коомго карата репрессиясын токтотуу, саясий туткундарды бошотуу тууралуу сөз болгонун кабарлаган. Ошондой эле, саясий диалогду баштоо менен эл аралык коомчулуктун байкоосу астында жаңы президенттик шайлоо өткөрүү маселеси талкууланганы белгиленген.

Тихановская Кошмо Штаттардын бийлигинен Беларустагы көз карандысыз маалымат каражаттарына, жарандык коом жана саясий туткундардын жакындарына жардам берүү пакетин кабыл алууну суранган.

Андан соң Светлана Тихановская Ак үйдүн өкүлдөрү жана сенаторлор менен жолуккан. Анда Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, Сенаттагы демократтар жана республикачылар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG