Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Казакстанда бир суткада коронавирустан 97 киши көз жумду


Казакстанда коронавируска каршы вакцина алып жаткан жаран.
Казакстанда коронавируска каршы вакцина алып жаткан жаран.

Казакстанда коронавирус соңку бир суткада 97 кишинин өмүрүн алды. 7500дей кишиден вирус аныкталды. Жогорку көрсөткүчтөр коронавирустун "дельта" штаммына байланыштуу экенин саламаттык сактоо министри Алексей Цой 29-июлда билдирди.

Ал ошондой эле, оор абалдагылардын көбүнүн өнөкөт оорулары болгонун жана вакцина албагандар экенин кошумчалады.

"Тилекке каршы, ооругандардын 99% эмделбегендер. Муну токтотуу үчүн бардык чараларды көрүп, вакцинация кампаниясын күчөтүүдөбүз", - деди Цой.

Министрдин айтымында, учурда инфекциялык ооруканалардын жарымынан көбү толгон. Цой айрым аймактарда ооруканаларда орун калбай калуусу мүмкүн экенин эскертти.

Казакстанда элди Карагандада чыгарылган Орусиянын «Спутник V», жергиликтүү QazVac жана Кытайдын CoronaVac вакциналары менен эмдеп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG