Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Грузиялык эки дзюдочу Олимпиада аккредитациясынан кол жууду


Важа Маргвелашвили.
Важа Маргвелашвили.

Токио Олимпиадасынын уюштуруу комитети грузиялик эки дзюдочу - Важа Маргвелашвили жана Лаша Шавдатуашвилиге берилген аккредитацияны жокко чыгарды. Алар Олимп шаарчасынан сыртка чыкканы үчүн ушундай жазага тартылды.

Токио-2020 уюштуруу комитетинин эрежесине ылайык, коронавирус пандемиясынын алдын алуу максатында катышуучуларга шаарчадан сыртка чыгууга тыюу салынган.

Эки грузин спортчусу Токиодогу мелдештерде күмүш медаль алып, беттештери аяктаган. Алар Жапония баш калаасындагы кооз жайларга саякат кылууга уруксатсыз чыгып кетишкен.

Ошондой эле өлкөсү ачык айтыла элек курама командага карата териштирүү жүрүп жатат. Алар паркта спирттик ичимдик ичишкен. Бул дагы эрежелерге туура келбейт.

Жалпысынан сегиз спортчу аккредитациядан кол жууганы кабарланды.

Соңку күндөрү Жапонияда коронавирус жуктургандар көбөйүп, Токио Олимпиадасында оору жуктуруп алгандардын саны 250гө жакындады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG