Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Кыргызстан медалдар тизмесинде 64-орунга чыкты


Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

Токиодо өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 64-орунга чыкты. Бул 3-августтун жыйынтыгына карата маалымат.

Ушул күнү грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге алып, өлкөнүн рейтинги жогорулады. 4-августта Айсулуу Тыныбекова алтын үчүн күрөшөт.

Медалдардын ушундай эле көрсөткүчү менен Индия, Уганда, Кения, Сан-Марино, Нигерия мамлекеттери да 64-орунда турушат.

Биринчи орунда Кытай (32 алтын, 21 күмүш, 16 коло), экинчи орунда АКШ (24 алтын, 28 күмүш, 21 коло), үчүнчү орунда Жапония (19 алтын, 6 күмүш, 11 коло).

Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан 28-орунда (эки алтын, бир коло), Түркмөнстан жетимишинчи (бир күмүш), Казакстан 75-орунда (үч коло). Тажикстандык спортчулар байге албай мелдештерди жыйынтыктады.

Жапониянын борборунда 23-июлда расмий ачылган Олимп оюндарында 200дөн ашуун мамлекеттен 12 миңге жакын спортчу барды. Анда спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат.

Эл аралык мелдешке Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Мамлекет алтын медал алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

Олимпиада 8-августта жыйынтыкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG