Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Аскар Акаев кичи мекени Кеминге барды


Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыккан учуру. 2-август, 2021-жыл.
Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыккан учуру. 2-август, 2021-жыл.

Мурдагы президент Аскар Акаев 3-августта кичи мекени Кеминге барып, тууган-туушкандары менен жолукту. Аны жакындары тосуп алып, конок кылганы тартылган видеолор социалдык желеге тарады.

Ал арада Акаевдин Кыргызстанга келиши Аксы окуясына байланыштуу талкууну козгоп, коомчулукта аны жоопко тартуу талабы айтылууда.

Акаев 2-августта Кыргызстанга келген жана атайын кызматка Кумтөргө байланыштуу сурак бере баштаган. Ал Кыргызстанда бир апта болорун, президент Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда жолукканын айтып, өлкө бийлигине жылуу мамиле үчүн ыраазычылык билдирген.

Кыргызстанды ал 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек болчу.

Аскар Акаев президент кезинде, 2002-жылы Аксы районунда нааразалыкка чыккан элге ок атылып, алты адам каза болгон. Жарандар ошол убактагы бийликтин мыйзамсыз кадамдарына, тактап айтканда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине, аны айтып чыккан депутаттардын камакка алынышына байланыштуу нааразылыкка чыгышкан эле.

XS
SM
MD
LG