Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:54

COVID-19 ВИЧке чалдыккан 123 кыргызстандыкка жугуп, жетөөнүн өмүрүн алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жетөө ВИЧке чалдыккан адамдар болчу. Бул тууралуу 4-августта республикалык СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморова билдирди:

"Коронавирус пандемиясы башталгандан бери азыркы күнгө чейин бул вирус ВИЧке чалдыккан 123 кыргызстандыктан аныкталды, алардын 116сы дарылангандан кийин сакайып кеткен болсо, жетөөнү сактап калуу мүмкүн болгон жок".

Чокморова COVID-19дан коргонуунун негизги жолу эмдөө экенин белгилеп, ВИЧ инфекциясы бар адамдардын арасынан бүгүнкү күнгө карата коронавируска каршы вакцинаны 60 адам алганын кошумчалады.

Кыргызстанда ВИЧ жуккандардын саны 10 миңден ашуун, алардын 2,5 миңдейи каза болгон.

2020-жылы март айында башталган коронавирус эпидемиясы өлкөдө 2,5 миңдей адамдын өмүрүн алды, бул инфекцияны жугузуп алгандар 166 миңден ашты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG