Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Академиянын илимий наамдарына 127 окумуштуу талапкер болууда


Илимдер академиясынын башкы имараты.
Илимдер академиясынын башкы имараты.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги жана корреспондент мүчөсү деген 52 илимий наамга 127 окумуштуу талапкер болууда. Бул тууралуу 4-августта “Азаттык” радиосуна академиянын президенти Мурат Жуматаев билдирди:

"Талапкерлигин окумуштуулар өздөрү же алар эмгектенген жогорку окуу жайлар, илимий мекемелер көрсөтөт".

Жуматаевдин айтымында, төрт жыл сайын жарыялануучу шайлоо буга чейин эки жолу өтпөй калгандыктан, дээрлик 11 жылдан бери академияда илимий наамдар үчүн бош орундар көбөйгөн. Академиктер үчүн бөлүнгөн жалпы 45 орундун 16сы бош турат, ал эми корреспондент мүчөлөрдүн саны 70 болушу керек болсо, учурда анын 36сы шайлана элек.

Сынак эки айлампа менен өтүүдө. Жыйынтыгы 5-августта чыгат.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген. (KAz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG