Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Токио-2020: Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль алды


Айсулуу Тыныбекова менен Юкако Каваинин финалдагы беттеши.
Айсулуу Тыныбекова менен Юкако Каваинин финалдагы беттеши.

Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медаль алды.

Ал 4-августтагы финалда 62 килограмм салмакта жапониялык Юкако Каваи менен күрөшүп, 4:3 эсебинде утулду.

2-августта беттештерди баштаган Тыныбекова атаандаштарын ишенимдүү жеңип, финалга чыккан.

Бул медаль Жайкы Олимпиадада Кыргызстандын капчыгындагы үчүнчү байге. 3-августта грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медаль алган.

24 жаштагы Юкако Каваи менен 28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова буга чейин Азия жана Дүйнө чемпионаттарында үч жолу беттешкен. Эки ирет Айсулуу жеңүүчү аталса, бир жолкусунда Юкако жеңишке жеткен.

Жапониянын борборунда 23-июлда расмий ачылган Олимп оюндарына 200дөн ашуун мамлекеттен 12 миңге жакын спортчу барды. Анда спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулууда.

Эл аралык мелдешке Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын ону байге ала алган жок.

Мамлекет алтын медал тагынгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

Олимпиада 8-августта жыйынтыкталат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG