Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Баткен: чек арадагы ок атуу боюнча күч түзүмдөрү жыйынга чогулду


Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облус губернатору Ражоби Ахмотзода. 1-июнь, 2021-жыл.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облус губернатору Ражоби Ахмотзода. 1-июнь, 2021-жыл.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев күч түзүмдөрүнүн облустук жетекчилери менен чукул жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна облустук бийликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйында облус жетекчиси күч түзүмдөр менен 11-августта Лейлек районунда Тажикстан тараптан ооруканага ок атылган окуяны талкуулап жатат. Мындан тышкары чек ара аймактарында абалды көзөмөлдөө, Катта-Туз аймагында Тажикстандын чек арачылары тарабынан аң казылышы боюнча да карала турганы айтылды.

Облустук бийликтин маалымат кызматы жакын арада Тажикстандын Согди жана Кыргызстандын Баткен облустук бийлигинин жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүп жатканын кабарлады.

11-августта чек ара кызматы түштөн кийин Лейлек районунун Интернационал айылында Тажикстан тараптан ок атылганы угулганын билдирген. Интернационал айылындагы аймактык оорукананын имаратынын экинчи кабатындагы терезени ок тешип өткөн. Ал жерде 5,45 мм калибриндеги "АК-74" автоматынын огу табылган. Октон жаракат алгандар жана жабыркаган адамдар жок.

Окуя боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тажик тарап Интернационал айылына чектеш жайгашкан өздүк курамдын курал-жарагын текшерүүдөн өткөрөөрүн маалымдаган.

Кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушкан. Анда тажик тарап курал текшерүү учурунда андан ок атылбаганын билдирген. Ошол эле учурда тажикстандык өкүл ок кокусунан атылып кетиши ыктымалдыгын белгилеген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG