Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Кыргызстанда Орусиянын маданият күндөрү өтөт


Кыргызстан жана Орусиянын эриш-аркак жылынын алкагында 2021-жылдын 12-14 август күндөрү Бишкек шаарында Орусиянын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

​ Маданият күндөрүнүн программасы Орусия элинин руханий маданиятын көрсөтүүгө багытталган иш-чаралардан турат.

​ 12-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Орусиянын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болот. Ага Зарни Ёл, Домино, Йатаган, Колесо жана Чылтыс Таннагашеванын фольклордук топторунун аткаруусундагы концерт тартууланат. Ал эми филармониянын фойесинде көркөм кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурулуп, мастер-класстар менен коштолот.

​ 13-августта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Орусиянын руханий-маданий мурасына жана улуу акын Низаминин 880 жылдыгына арналган "Низаминин сюжеттери жана сүрөттөрү: Чыгыш менен Батыштын диалогу" көргөзмөсү ачылып, ал 2021 -жылдын 1-сентябрына чейин уланат.

​ Ушул эле күнү Кыргыз улуттук филармониясында Санкт-Петербург метрополитинин дин кызматкерлеринин хорунун концерти өтүп, сахнада XX кылымдагы чыгармалар жаңырат.

Мындан сырткары, Орусия менен Кыргызстандын маданий биримдигине арналган конференция да уюштурулат.

​14-август күнү саат 17:00дө Кант шаарында Санкт -Петербург митрополитинин кызматкерлеринин концерти күтүлүүдө. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG