Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

13-августтун аба ырайы


Сары-Челек.
Сары-Челек.

13-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 29…31 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында да түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG