Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

"Центерра" Кыргызстандын Кумтөр боюнча келишимдерди денонсациялоо аракетине жооп берди


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Канаданын Торонто шаарында катталган "Центерра Голд" компаниясы кыргыз өкмөтү Кумтөргө байланыштуу милдеттенмелеринен бир тараптуу баш тарта албай турганын билдирди. Компаниянын өкүлү 13-августта "Азаттыкка" жазуу түрүндө жолдогон комментарийинде "Центерра" менен кыргыз тараптын талашы Эл аралык арбитражда чечиле турганын эскертти.

"Кыргыз Республикасынын "Центерра" менен келишимдери, соңку 20 жылдан бери кыргыз өкмөттөрү жана соттору тынымсыз тастыктап келген келишимдер өкмөткө өзү каалаган учурда келишимдик милдеттенмелерин бир тараптуу токтотууга уруксат бербейт. Эгер өкмөттүн "Центерра" менен мыйзамдуу талашы болсо, анын келишимдеги жолу – эл аралык арбитраж. "Центерра" бул талашты кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалог аркылуу чечүүнү туура көрмөк. Бирок алардын байланыштан баш тартуусу бизге арбитраж жана башка мыйзамдык жолдор аркылуу натыйжалуу чара издөөдөн башка тандоо калтырган жок" - деп билдирди компаниянын өкүлү.

"Центерра" өз комментарийинде кыргыз тарап Кумтөрдү колго алуу үчүн "негизсиз дооматтарды колдонуп жатат" деп кайталады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Кумтөр иши” боюнча козголгон кылмыш ишинин алгачкы жыйынтыктары тууралуу 11-августта маалымат таратып, келишимди денонсациялоо процесси башталганын билдирген.

Коопсуздук комитети тараткан маалыматта "Кумтөр долбоору боюнча түзүлгөн келишимдер кыргыз элинин түпкү кызыкчылыгына туура келбейт" деп айтылган.

Кумтөр кениндеги жагдайды иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек экенин билдирген.

Май айында Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Ишкана мындай дооматтарды четке каккан жана Кыргызстандын өкмөтүнүн үстүнөн эл аралык сотко бир нече арыз менен кайрылган. (KKs/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG