Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Чукул билдирүү: Тоолуу райондордо жаан карга айланат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

14-16-августта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, жайлоолордо карга айланат. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.

14-августтан 16-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал.

15-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте 15-августта түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн 13...15, күндүз 20...22 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 17…19 градуска чейин жогорулайт. (МТа)

XS
SM
MD
LG