Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Байден: АКШ жарандары Ооганстандан толук чыгарылат


Вашингтон. Жо Байден. АКШ президенти.
Вашингтон. Жо Байден. АКШ президенти.

АКШ президенти Жо Байден америкалык бардык жарандар, андан сырткары аскерлер жана дипломатиялык миссия менен кызматташкан адамдар талибдердин көзөмөлүнө өткөн Ооганстандан толук чыгарыла турганын билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата 18 миңден ашуун адам Кабул аэропорту аркылуу сыртка жеткирилди. Анын ичинен 13 миң адам быйыл талибдер күчөгөн 14-августтан бери АКШнын аскер аба күчтөрүнүн учактары менен Ооганстандан,чыгарылды.

“Биз Кабулдан адамдарды эвакуациялоо иштеринин ыргагын күчөтүүдө бир топ прогресске жетиштик. Айрыкча 17-августта мен түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бул маселе боюнча соңку ирет сүйлөгөндөн бери”, - деди Жо Байден.

Ооганстандан аскерлерди чыгаруу жагдайы үчүн сынга кабылган президент Жо Байден бул өлкөдөгү окуялар эми кандайча өнүгөрү белгисиз экенин айтты.

Ал Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Германия жана Улуу Британия сыктуу союздаштар менен байма-бай кеңешип жатканын белгиледи.

Эвакуация бүткөнгө чейин Кабул аэропорту мүмкүн болгон террордук чабуулга дуушар болбошу үчүн кырдаалга кылдат байкоо салып туруу абдан маанилүү экенин кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG