Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Украина: репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн көрүстөн табылды


Одесса. НКВД курмандыктары массалык түрдө көмүлгөн көрүстөн.
Одесса. НКВД курмандыктары массалык түрдө көмүлгөн көрүстөн.

Одессада мурдагы "Татарка" деген аталыштагы атайын объектиден бардыгы жапырт бир жерге көмүлгөн НКВД курмандыктарынын сөөктөрү табылды. Бардыгы болуп 29 көрүстөндөгү сөөктөр бул жерге өткөн кылымдын 30-жылдары НКВД тарабынан куугунтукталып, репрессияланып, өлтүрүлгөн адамдарга таандык экени экени аныкталды. Бул тууралуу украиналык Улуттук эс тутум институту кабарлады.

“Азыркы учурда НКВДга караштуу “Татарка” атайын жайынын түндүк-батыш тарабын изилдөө учурунда Одессанын Овидиопольск жолунун 6-акырымынан кеминде 29 көрүстөн табылды.

Бул жерге коммунисттик террордун курмандыгына дуушар болуп, атып өлтүрүлгөн адамдар көмүлгөн”, -деп жазылган билдирүүдө. Бул жерди НКВД жапырт түрдө атып, адамдарды көмгөнүн румыниялык архивден таап чыккан одессалык тарыхчы Александр Бабич көргөзүп берген.

Украиналык улуттук эс тутум институту мурда бул жер атууга кеткендердин өкүмүн аткара турган аң болгонун аныктаган. Аңдардын аралыгы бир метрден болуп, топурак жана таштандылар төгүлүп, массалык адам өлтүрүү фактысын жашыруу үчүн үстү тегизделген.

Архивдик маалыматтар боюнча буга окшогон адамдарды жапырт көмгөн көрүстөндөр бул полигон менен чектешкен аскер бөлүгүнүн аймагында да болушу мүмкүн.

Азыркы мезгилде көрүстөндөрдүн айланасы чектелип, репрессиянын курмандыктары эсептелип чыга электиги айтылды.

Бул жер НКВД жапырт түрдө адамдарды көмгөн Украинадагы эң чоң объект болуп калды.

Бишкектин четиндеги НКВДнын ок атып, машыгуу жайына жакын жерде репрессияга дуушар болгондордун бардыгы бир аңга көмүлгөнү аныкталып, ал жерде 138 адамдын сөөгү табылган.

Алардын көпчүлүгү 1930-жылдардагы жетекчилер, интеллигенттер болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG