Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Айтматов менен Шаханов тууралуу тасма тартылууда


 Мухтар Шаханов.
Мухтар Шаханов.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Казакстан Республикасынын эл жазуучусу Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Бул тасмага тартылуу үчүн Мухтар Шаханов Кыргызстанга келип кетти. Даректүү тасма Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги демилгеси менен ишке ашып жатат. Чыгарма Төлөмүш Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясынын көмөгү менен тартылып, Руслан Машрапов режиссерлук кылууда. Бул тасма Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, кыргыз- казак достугунун түбөлүктүүлүгүн даңазалайт.

23-августта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Казакстан Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз эл акыны Мухтар Шаханов менен жолугушуу өттү. Иш-чарага белгилүү коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышты. Быйыл 79 жашка чыккан Мухтар Шаханов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп иштеген. Ал жазуучу Чыңгыз Айтматов менен бекем достук мамиледе болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG