Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:19

Бишкекте медайымдардын съезди өттү


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 25-августта Бишкекте медайым жана акушер адистердин V съезди өттү. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Швейцария өкмөтү жана Кыргызстандын Медайымдар ассоциациясы менен бирге уюштурган иш-чарада медайымдык ишмердүүлүктүн укуктук негиздерине, алардын билим алуусуна жана бул кесиптин аброюн жогорулатууга арналган негизги маселелер талкууланды.

Съездде медайымдардын саламаттык сактоо системасындагы орду жана ролу, COVID-19 пандемиясы учурундагы эбегейсиз эмгеги баса белгиленди. Эгер мурда медайымга дарыгер жазып бергендин негизинде бейтапка каралашуу, ийне сайып, дарысын берүү талабы гана коюлуп келген болсо, азыр ооруну алдын алуу боюнча иштерге да тартылып жатканы айтылды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда орто медициналык билими бар 34 миң адис иштейт, алардын дээрлик 75% медайымдар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG