Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Кыргыз-казак чек арасынан миңден ашык мал-жандык кармалды (видео)

Кара-Балтадагы мал базар. 2018.
Кара-Балтадагы мал базар. 2018.

Кыргызстандын Салык кызматы кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинен 1266 мал, 40 тоннадай дан, 20 тоннадай товар кармалганын кабарлады. Бул импорт жүктөрдүн тийиштүү документтери жок болгон. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилектен" 272 баш бодо мал, 910 кой-эчки, 22 тонна улпак, 22 тонна арпа жана 30 тоннадай чарба товарлары кармалган. Ал эми кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” бекетинен 69 жылкы, 15 бодо мал, 15 тонна тоок жумурткасын мыйзамсыз алып өтүп бараткандар аныкталган.

Учурда бардык мыйзам бузуу материалдары тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди. (TSh)

​
XS
SM
MD
LG