Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Орусия: жыл башынан бери миңге жакын кыргызстандыкка кылмыш иши козголду


Москва облусу, Красногорск. 17-май, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва облусу, Красногорск. 17-май, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын жети айында Орусиянын Москва шаарында кыргызстандыктарга байланыштуу 916 кылмыш иши катталды. Алардын көбү өз мекендештерине карата жасалган кылмыштар болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москва шаардык башкармалыгынын ыкчам иштер боюнча башчысынын орун басары Александр Половинканын жолугушуусунда айтылды.

Анда Москванын полициясы 2019-жылдан бери кыргыз жарандарынын Орусияда кылмыш кылган учурлары көбөйгөнүн белгилеп, алдын алуу иш-чараларын өткөрүү керектиги белгиленди.

Расмий эсепте Орусияга Кыргызстандан 600 миңден ашуун эмгек мигранты барып иштеп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып жүрөт. Учурда 1500 миңдей адам Орусияда абакта жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG