Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Москва: кыргызстандык 14 кыз-келиндин өмүрүн алган өрткө беш жыл болду


Курман болгон кыргызстандык кыз-келиндер.
Курман болгон кыргызстандык кыз-келиндер.

Москванын Бутырский райондук сотунун 2017-жылдын 18-августундагы өкүмүнө ылайык, көп адамдын өмүрүн алган өрткө байланыштуу “Печатный экспресс” басмаканасынын башкы директору Сергей Москвин 2,5 жылга, башкы инженери Антон Яцков 3,5 жылга жатак абакка кесилген. Алар жаза мөөнөтүн бүткөндөн кийин коммерциялык мекемелерде жетекчилик кызматты ээлей албайт.

Орусиянын ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, сот өкүм чыгарууда басмакана директору күнөөсүн моюнуна алганын, өрт курмандыктарынын туугандарынын өтүнүчүн, аларга моралдык чыгым үчүн компенсация төлөнгөнүн эске алганын кабарлаган.

“Печатный экспресс” басмаканасында 2016-жылы 27-августтун таңында болгон өрттөн ал жакта иштеген 17 адам, анын ичинде Кыргызстандын 14 жараны каза болгон. Алардын улуусу 45 жашта, калганы 17-22 жаштагы кыз-келиндер эле. Бири кош бойлуу болгон.

Орусияда расмий 600 миңдей кыргызстандык иштеп жүрөт. Бейрасмий алардын саны миллиондон ашык экени айтылып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG