Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Москвада беш күн, беш түн "Манас" айтат


Манасчы Дөөлөт Сыдыков.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында беш күн, беш түн “Манас” айтат. Бул тууралуу “Азаттыкка” манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс Окенова билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен өтөт.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков бул жолу да Гиннестин рекоррддор китебине катталууга аракет кылып жатат.

Ал буга чейин 2020-жылы 12-ноябрда өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине каттатуу максатында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт тынбай "Манас" айткан. Бирок анын биринчи аракети рекорддор китебине расмий катталган эмес.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 1983-жылы 25-августта Ысык-Көлдүн Тоң районунун Шор-Булак айылында туулган.

Ал Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүн аяктаган. (MZh)

Манасчы Дөөлөттүн өнөр сереси (тасма маек)
please wait

No media source currently available

0:00 0:57:50 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG