Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Паралимпиада-2020: Өзбекстанда 14, Казакстанда төрт медал бар


Казакстандык дзюдочу Зарина Байбатина Токиодогу Паралимпиаданын күмүш медалын жеңди. 29-август, 2021-жыл
Казакстандык дзюдочу Зарина Байбатина Токиодогу Паралимпиаданын күмүш медалын жеңди. 29-август, 2021-жыл

Токиодогу Паралимпиадада Өзбекстандын улуттук курамы 14 медал: 5 алтын, 4 күмүш, 5 коло медал жеңип, сыйлыктар тизмесинде 13-сапка чыкты. 28-августта параатлеттер Нозимахон Каюмова, Мохигул Хамдамова, Бобиржон Омонов алтын медал, Элбек Султонов менен Нурхон Курбанова коло байге, пауэрлифтер Роза Кузиева күмүш медал тагынышты.

Токиодо коңшу өлкөнүн дзюдочулары мыкты көрсөткүчтөргө ээ болууда. Учкун Куронбаев (66 кг) менен Феруз Саидов (73 кг) алтын, Давурхон Карамотов (81 кг) күмүш, Шариф Халилов (100 кг) коло медал алды. Парвина Самондорова (57 кг) күмүш, Нафиза Шерипбоева (63 кг) коло байге жеңди.

Жеңил атлетчи Асила Мираёрова 4,89 метр узундукка секирип, күмүш байге утту. Суучул Ислам Асланов 100 метрге сүзүп, коло медал тагынды.

Өзбекстандык атлеттер Паралимпиаданын сегиз түрүнөн 55 лицензия уткан. 48 спортчу Токиодо мелдештерде күч сынашууда.

Медалдардын жалпы саны боюнча Казакстан 38-орунга чыкты. Коңшу өлкөнүн командасынын эсебинде бир алтын, үч күмүш медалы бар. 29-августта дзюдочу Зарина Байбатина күмүш медал тагынды. Оор атлетчи Давид Дегтярев 54 кг. чейинки салмак категориясында 174 кг. оордукту көтөрүп, өз өлкөсүнө алтын медал алып берди. 25 жаштагы спортчу Паралимпиадага биринчи жолу катышты. Ага чейин дзюдочулар Ануар Сариев менен Темиржан Даулет 90 кг. салмакта күмүш медал тагынышкан.

Токиодогу оюндарга Казакстандан 25 спортчу кеткен.

Кыргызстандан эки спортчу Токиого аттанган. Хайитхон Хусан кызы 28-августта дзюдо боюнча 57 кг. салмакта күч сынашса, Арстанбек Базаркулов 4-5-сентябрда ядро жана найза ыргытуудан таймашка чыгат.

24-августта башталган Паралимпиада оюндарына спорттун 22 түрү боюнча 4000дөн ашык спортчу катышууда. Алар 539 топтом медал үчүн таймашат. Оюндар 5-сентябрда соңуна чыгат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG