Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Ахмад Масуд талибдер менен сүйлөшүүгө макул болду


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын "Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" башчысы Ахмад Масуд "Талибан" кыймылынын жаңжалды тынч жол менен жайгаруу боюнча сүйлөшүү сунушуна макулдук берди. Бул тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына жазганын Рейтер агенттиги кабарлады.

Агенттиктин маалыматы боюнча, талиб күчтөрү Панжшердин борбору Базаракка киргенин жарыялашкан.

"Эгер талибдер дагы Панжшер менен Андарабдагы чабуулдарын жана согуштук аракеттерин токтотсо, туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн “Улуттук каршылык көрсөтүү фронту” согушту токтотууга даяр", - деп билдирди Ахмад Масуд.

Буга чейин ооган маалымат каражаттары ислам аалымдары кеңеши "Талибанды" Панжшердеги согушту токтотуу үчүн сүйлөшүүгө чакырганын жазып чыгышкан.

Ооганстандын талибдерге каршы акыркы таянычы - Панжшер өрөөнүндө айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканы кабарланып, ар бир тарап жеңгенин билдирип келишкен. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG