Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Гвинеяда мамлекеттик төңкөрүш аракети болду


Гвинея.
Гвинея.

Гвинеяда мамлекеттик төңкөрүш аракети болду. France-Presse агенттиги кабарлагандай, атайын күчтөрдүн аскерлери жекшембиде видео кайрылуу таратып, өлкөнү он жылдан ашык башкарган президент Альф Конде камакка алынганын жарыялады.

Гвинеянын Коргоо министрлиги мамлекет башчысы кармалганын четке кагып, алар кол салгандардын тобун президенттик сарайдан кууп чыкканын билдирген. Көп өтпөй козголоңчулардын лидери Мамад Думбуя мамлекеттик телеканалдын эфиринен чыгып, президенттин кармалганын ырастады.

83 жаштагы Альфа Конде Гвинеяны 2010 -жылдан бери башкарып келет. 2020-жылы дээрлик 60% добуш менен үчүнчү мөөнөткө кайра шайланган.

Гвинеянын мыйзамдарына ылайык, Конде үчүнчү жолу талапкерлигин көрсөтө алмак эмес. Бирок бийлик Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүп, Конде бийликте кала берген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG