Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Москва: Жарым жылда митингге катышкан 6000ден ашуун киши жоопко тартылды


Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды коргогон акциянын катышуучусу.

Москвада өткөн алты айда митинг-пикеттерди өткөрүү тартибин "бузганы үчүн" 6000ден ашуун жаран жоопко тартылды. Бул тууралуу Жогорку соттун Москвадагы департаментинин маалыматында айтылат.

Москванын соттору жалпысынан мындай мүнөздөгү 672 иш карашкан, алардын 45и гана кыскартылса, 625 протокол полицияга кайтарылган.

Сотто каралган иштердин 90% айыптоо корутундусу чыккан. Жарым жылда сот митинг-пикеттерди өткөрүүнүн тартибин бузган деп тапкандарга салынган айыппул 66 миллион рублге (900 миң доллар) жеткен.

"ОВД-Инфо" укук коргоо уюму бул берене менен кармалган жарандардын саны кескин өскөнүн белгилейт. 2019-жылы Москвада нааразылык акцияларга катышканы үчүн кармалгандардын саны 4% түзсө, быйыл алты айда 21% жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG