Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

ИИМдин жанына Орозайым Нарматованын тарапташтары чогулду


Орозайым Нарматованын тарапташтары Ички иштер министрлигинин имаратынын жанына чогулушту.
Орозайым Нарматованын тарапташтары Ички иштер министрлигинин имаратынын жанына чогулушту.

Укук коргоо органдары Ош эл аралык аба бекетинен кармап, Бишкекке жеткирген активист, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын тарапташтары Ички иштер министрлигинин имаратынын жанына чогулушту. Учурда активист ИИМде "күбө катары" сурак берип жатканы айтылууда.

Буга чейин милиция Нарматова тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн министрликтин Тергөө кызматына жеткирилгенин билдирген. Маалыматтарда аны Оштон Бишкекке автоунаа менен алып келишкен.

Активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал кармалбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлады.

Активист Орозайым Нарматованын кармалышын бир катар саясатчылар, депутаттар жана активисттер сындап чыгышты.

Нарматова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген. Ал бир канча күн мурда Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG