Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. 14-сентябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү жарлыгына өзгөртүү киргизди. Анын негизинде жаңы агенттик Министрлер кабинетинин алдында иштей турганы аныкталды.

Башкаруу тутумун оптимизациялоо жана «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамга ылайык, агенттик “жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, алардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат” деп белгиленди.

Жеке маалыматтарды коргоо – тигил же бул адамга байланыштуу маалыматтарды коргоого багытталган техникалык, уюштуруу иш-чараларынын комплекси.

Министрлер кабинети жөнүндөгү жарлыкка быйыл 5-майда кол коюлган. Анын негизинде Кыргызстанда 14 министрлик, эки комитет, үч агенттик жана бир кызмат түзүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG